Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #6 Translated in Kyrgyz

عسق
Айн, Сийн, Кааф
كَذَٰلِكَ يُوحِي إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт
لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۖ وَهُوَ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ
Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук
تَكَادُ السَّمَاوَاتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْ فَوْقِهِنَّ ۚ وَالْمَلَائِكَةُ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيَسْتَغْفِرُونَ لِمَنْ فِي الْأَرْضِ ۗ أَلَا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(Мушрик коомдун ширк күнөөсүнүн оорлугу себептүү) үстүндөгү асмандар жарылып кеткидей болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллаһ(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу
وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ اللَّهُ حَفِيظٌ عَلَيْهِمْ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ
Аллаһтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллаһ сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (О, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң

Choose other languages: