Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Saff Ayahs #7 Translated in Kyrgyz

كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ
Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллаһтын алдында чоң күнөө
إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِهِ صَفًّا كَأَنَّهُمْ بُنْيَانٌ مَرْصُوصٌ
Аллаһ Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ لِمَ تُؤْذُونَنِي وَقَدْ تَعْلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ ۖ فَلَمَّا زَاغُوا أَزَاغَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
(О, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «О, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллаһтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңерго!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллаһ дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
وَإِذْ قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَمُبَشِّرًا بِرَسُولٍ يَأْتِي مِنْ بَعْدِي اسْمُهُ أَحْمَدُ ۖ فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ قَالُوا هَٰذَا سِحْرٌ مُبِينٌ
Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «О, Исрайил урпактары! Мен силерге Аллаһдан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын»!. Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкырго!» дешти
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُوَ يُدْعَىٰ إِلَى الْإِسْلَامِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Исламга чакырылганда Аллаһка жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт

Choose other languages: