Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #7 Translated in Kyrgyz

4:3
وَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تُقْسِطُوا فِي الْيَتَامَىٰ فَانْكِحُوا مَا طَابَ لَكُمْ مِنَ النِّسَاءِ مَثْنَىٰ وَثُلَاثَ وَرُبَاعَ ۖ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰ أَلَّا تَعُولُوا
Эгер, жетимдерге адилеттик кыла албай калуудун корксоңор, (аларды жөн коюп) өзүңөргө жаккан (башка) аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге ала бергиле. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү (менен) же болбосо, кол астыңардагы мүлкүңөр - күң аялдарыңар (менен чектелгиле). Ушул силердин зулумдукка жол бербешиңер үчүн эң жакын (амал)
4:4
وَآتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً ۚ فَإِنْ طِبْنَ لَكُمْ عَنْ شَيْءٍ مِنْهُ نَفْسًا فَكُلُوهُ هَنِيئًا مَرِيئًا
Аялдарга (үйлөнүп жатканыңарда) махыр мүлкүн ичи тардык кылбай (ак пейилден) бергиле. Эгер силерге махыр мүлкүнөн бир нерсени ак пейилинен, өзү ыраазы болуп берсе, жей бергиле - аш болсун
4:5
وَلَا تُؤْتُوا السُّفَهَاءَ أَمْوَالَكُمُ الَّتِي جَعَلَ اللَّهُ لَكُمْ قِيَامًا وَارْزُقُوهُمْ فِيهَا وَاكْسُوهُمْ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَعْرُوفًا
(Түпкүлүгү жетимдердин мурас мүлкү болгон, бирок, силер убактылуу иштетип турган) мал-мүлкүңөрдү акылы толук эместерге карматпагыла. Ал мүлктү Аллаһ силер (жана жетимдер) үчүн турмуш тиреги кылып койду. Жана ал мүлктөн жетимдерди жедирип-ичирип, кийинткиле. Жана аларга ширин сөз сүйлөгүлө
4:6
وَابْتَلُوا الْيَتَامَىٰ حَتَّىٰ إِذَا بَلَغُوا النِّكَاحَ فَإِنْ آنَسْتُمْ مِنْهُمْ رُشْدًا فَادْفَعُوا إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ ۖ وَلَا تَأْكُلُوهَا إِسْرَافًا وَبِدَارًا أَنْ يَكْبَرُوا ۚ وَمَنْ كَانَ غَنِيًّا فَلْيَسْتَعْفِفْ ۖ وَمَنْ كَانَ فَقِيرًا فَلْيَأْكُلْ بِالْمَعْرُوفِ ۚ فَإِذَا دَفَعْتُمْ إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ فَأَشْهِدُوا عَلَيْهِمْ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ حَسِيبًا
Жетимдерди нике (балакат) жашына жеткенге чейин текшерип (сынап) көргүлө. Эгер алардан акылы толушкандыкты көрсөңөр, (бардык) малдарын колуна тапшыргыла жана алар чоңойгуча шашылып, ысырап кылып жеп койбогула! Ким бай болсо, (жетимдердин малын сактап бергени үчүн кызмат акы жештен) өзүн тыйсын. Ал эми, ким кембагал болсо, жакшылык менен (жетимдерди ыраазы кылып) жесин. Аларга мал-мүлкүн кайтарып жатканда күбөлөрдү койгула. Эсептешүүчүлүк боюнча Аллаһ жетиштүү
4:7
لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنْهُ أَوْ كَثُرَ ۚ نَصِيبًا مَفْرُوضًا
Ата-энеси жана жакындары калтырган (мурас) нерседен эркектерге үлүш бар. (Ошондой эле,) Ата-энеси жана жакындар калтырган мурастан аялдарга да үлүш бар. Бул мурас азбы же көппү, Аллаһ парыз кылган үлүш абалында (бөлүнөт)

Choose other languages: