Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #101 Translated in Kyrgyz

مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин! жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз
فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ
Качан сен Кураан окусаң (Аллаһтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллаһка сыйын
إِنَّهُ لَيْسَ لَهُ سُلْطَانٌ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ
Албетте, (Аллаһка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт
إِنَّمَا سُلْطَانُهُ عَلَى الَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُ وَالَّذِينَ هُمْ بِهِ مُشْرِكُونَ
Анын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос-жетекчи кылып алгандарга өтөт
وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ ۙ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مُفْتَرٍ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак — Өзү түшүргөн нерсесин Аллаһ Өзү Билүүчү? — алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт

Choose other languages: