Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #86 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
(О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат
يَعْرِفُونَ نِعْمَتَ اللَّهِ ثُمَّ يُنْكِرُونَهَا وَأَكْثَرُهُمُ الْكَافِرُونَ
Алар Аллаһтын нээматын таанып-билип эле турушат. Бирок, кийин моюнга албай коюшат. Алардын көпчүлүгү каапырлар
وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ
(Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.! Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт
وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ ظَلَمُوا الْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ
Зулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан (азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт
وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ أَشْرَكُوا شُرَكَاءَهُمْ قَالُوا رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ شُرَكَاؤُنَا الَّذِينَ كُنَّا نَدْعُو مِنْ دُونِكَ ۖ فَأَلْقَوْا إِلَيْهِمُ الْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَاذِبُونَ
Эгер Аллаһка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз — (Аллаһ!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”-дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер — анык жалганчысыңар!” — деп сөз ыргытат

Choose other languages: