Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #52 Translated in Kyrgyz

أَوَلَمْ يَرَوْا إِلَىٰ مَا خَلَقَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ يَتَفَيَّأُ ظِلَالُهُ عَنِ الْيَمِينِ وَالشَّمَائِلِ سُجَّدًا لِلَّهِ وَهُمْ دَاخِرُونَ
Алар (шектенгендер) Аллаһ жараткан нерселерге карашпайбы? Алардын көлөкөсү, (Аллаһтын кудуретине) моюн сунуп, сажда кылган абалда оңго-солго ийилип жатканын көрбөй жатышабы
وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ مِنْ دَابَّةٍ وَالْمَلَائِكَةُ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ
Аллаһка асмандар жана жердеги жаныбарлардын бардыгы жана (улуу) периштелер дагы эч текеберленбей сажда кылышат
يَخَافُونَ رَبَّهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ ۩
(Себеби) Алар үстүлөрүндөгү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган нерсени (дароо) аткарышат
وَقَالَ اللَّهُ لَا تَتَّخِذُوا إِلَٰهَيْنِ اثْنَيْنِ ۖ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ فَإِيَّايَ فَارْهَبُونِ
Аллаһ айтты: “(Мага дагы бирөөнү шерик кылып) эки кудай тутуп албагыла! Чынында Ал — Жалгыз Кудай! (Демек, жалгыз) Өзүмдөн гана корккула!”
وَلَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَهُ الدِّينُ وَاصِبًا ۚ أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَتَّقُونَ
(Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллаһдан башкадан коркосуңарбы

Choose other languages: