Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #122 Translated in Kyrgyz

وَعَلَى الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا مَا قَصَصْنَا عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ ۖ وَمَا ظَلَمْنَاهُمْ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
Мурда Биз яхудийлерге, сага (Кураанда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты
ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُوا السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ تَابُوا مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Андан соң (о, Мухаммад)) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тооба кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды — ушундан кийин — Кечирүүчү, Ырайымдуу
إِنَّ إِبْرَاهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Чынында, Ибрахим Аллаһка ыкыластуу, ханиф (Аллаһка жүз бурган) жана Туура Жолго баштоочу жолбашчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес
شَاكِرًا لِأَنْعُمِهِ ۚ اجْتَبَاهُ وَهَدَاهُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
(Дагы ал) Аллаһтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштады (Пайгамбар КЫЛДЫ)
وَآتَيْنَاهُ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً ۖ وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ
Жана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот

Choose other languages: