Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #88 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِي فَرَضَ عَلَيْكَ الْقُرْآنَ لَرَادُّكَ إِلَىٰ مَعَادٍ ۚ قُلْ رَبِّي أَعْلَمُ مَنْ جَاءَ بِالْهُدَىٰ وَمَنْ هُوَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
(О, Мухаммад!) Чынында, сага Кураанды парыз кылган Зат сени (жана бардык адамдарды) эч шексиз кайтчу жерге (Акыретке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким Туура Жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет»
وَمَا كُنْتَ تَرْجُو أَنْ يُلْقَىٰ إِلَيْكَ الْكِتَابُ إِلَّا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۖ فَلَا تَكُونَنَّ ظَهِيرًا لِلْكَافِرِينَ
Сен (о, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо
وَلَا يَصُدُّنَّكَ عَنْ آيَاتِ اللَّهِ بَعْدَ إِذْ أُنْزِلَتْ إِلَيْكَ ۖ وَادْعُ إِلَىٰ رَبِّكَ ۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллаһтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун!! Жана Раббиңе гана дуба (ибадат) кылып, эч качан мушриктерден болбогун
وَلَا تَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۘ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ كُلُّ شَيْءٍ هَالِكٌ إِلَّا وَجْهَهُ ۚ لَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Аллаһка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Эч бир илах-кудай жок, Бир Өзү гана бар! (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар

Choose other languages: