Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #60 Translated in Kyrgyz

إِنَّكَ لَا تَهْدِي مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۚ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
(О, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллаһ гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. Туура Жолго ылайыктарды Анын Өзү жакшы билет
وَقَالُوا إِنْ نَتَّبِعِ الْهُدَىٰ مَعَكَ نُتَخَطَّفْ مِنْ أَرْضِنَا ۚ أَوَلَمْ نُمَكِّنْ لَهُمْ حَرَمًا آمِنًا يُجْبَىٰ إِلَيْهِ ثَمَرَاتُ كُلِّ شَيْءٍ رِزْقًا مِنْ لَدُنَّا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге Туура Жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз»-дешти.! Биз аларды (Ибрахим негиздеген) тынч Харамга жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт
وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَرْيَةٍ بَطِرَتْ مَعِيشَتَهَا ۖ فَتِلْكَ مَسَاكِنُهُمْ لَمْ تُسْكَنْ مِنْ بَعْدِهِمْ إِلَّا قَلِيلًا ۖ وَكُنَّا نَحْنُ الْوَارِثِينَ
Биз жашоосу ашып-ташкан (өнүккөн) нечендеген шаарларды (лаззаттарга берилип, Шариятты унутканда) кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук
وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهْلِكَ الْقُرَىٰ حَتَّىٰ يَبْعَثَ فِي أُمِّهَا رَسُولًا يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا ۚ وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَىٰ إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ
Сенин Раббиң эч бир шаарларды (н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) заалым болгон шаарларды гана кыйратуучубуз
وَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَمَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَزِينَتُهَا ۚ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми, Аллаһтын алдындагы (Бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби

Choose other languages: