Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qamar Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

مُهْطِعِينَ إِلَى الدَّاعِ ۖ يَقُولُ الْكَافِرُونَ هَٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌ
Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет
كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُوا عَبْدَنَا وَقَالُوا مَجْنُونٌ وَازْدُجِرَ
Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан
فَدَعَا رَبَّهُ أَنِّي مَغْلُوبٌ فَانْتَصِرْ
Анан ал Раббисине дуба кылып: «О, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!»-деп дуба кылды
فَفَتَحْنَا أَبْوَابَ السَّمَاءِ بِمَاءٍ مُنْهَمِرٍ
Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик
وَفَجَّرْنَا الْأَرْضَ عُيُونًا فَالْتَقَى الْمَاءُ عَلَىٰ أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ
Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан... (Аллаһ тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду

Choose other languages: