Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qalam Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ فَلْيَأْتُوا بِشُرَكَائِهِمْ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ
Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин
يَوْمَ يُكْشَفُ عَنْ سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ
(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат
خَاشِعَةً أَبْصَارُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۖ وَقَدْ كَانُوا يُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ وَهُمْ سَالِمُونَ
Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат) Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле
فَذَرْنِي وَمَنْ يُكَذِّبُ بِهَٰذَا الْحَدِيثِ ۖ سَنَسْتَدْرِجُهُمْ مِنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Кураанды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз
وَأُمْلِي لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ
Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем

Choose other languages: