Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qalam Ayahs #42 Translated in Kyrgyz

إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ
(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)
أَمْ لَكُمْ أَيْمَانٌ عَلَيْنَا بَالِغَةٌ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۙ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ
Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен
سَلْهُمْ أَيُّهُمْ بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ
(О, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат
أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ فَلْيَأْتُوا بِشُرَكَائِهِمْ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ
Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин
يَوْمَ يُكْشَفُ عَنْ سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ
(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат

Choose other languages: