Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Munafiqoon Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا رَأَيْتَهُمْ تُعْجِبُكَ أَجْسَامُهُمْ ۖ وَإِنْ يَقُولُوا تَسْمَعْ لِقَوْلِهِمْ ۖ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُسَنَّدَةٌ ۖ يَحْسَبُونَ كُلَّ صَيْحَةٍ عَلَيْهِمْ ۚ هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ ۚ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ ۖ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ
Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар — душмандар, абайла алардан! Аллаһ кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا يَسْتَغْفِرْ لَكُمْ رَسُولُ اللَّهِ لَوَّوْا رُءُوسَهُمْ وَرَأَيْتَهُمْ يَصُدُّونَ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ
Аларга «(Тооба кылып) келгиле, Аллаһтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллаһдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң
سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَسْتَغْفَرْتَ لَهُمْ أَمْ لَمْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ لَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
Сеналар үчүн (Аллаһтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да — айырмасы жок: Аллаһ эч качан кечирбейт! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
هُمُ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنْفِقُوا عَلَىٰ مَنْ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّىٰ يَنْفَضُّوا ۗ وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ
Алар (өз кишилерине) «Аллаһтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллаһтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт
يَقُولُونَ لَئِنْ رَجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ ۚ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ
Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен!. Улуулук Аллаһка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт

Choose other languages: