Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumenoon Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ
Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз
إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا وَمَا نَحْنُ لَهُ بِمُؤْمِنِينَ
А, бул болсо, жалгандан («мен-пайгамбармын»деп) Аллаһка доомат койгон адам! Биз ага ишенбейбиз!»
قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ
(Ошондо пайгамбар) айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»
قَالَ عَمَّا قَلِيلٍ لَيُصْبِحُنَّ نَادِمِينَ
(Аллаһ) Айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ بِالْحَقِّ فَجَعَلْنَاهُمْ غُثَاءً ۚ فَبُعْدًا لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Чынында, кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган чырпыктар сыяктуу кылдык. Жоголсун заалым коомдор

Choose other languages: