Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #74 Translated in Kyrgyz

لَقَدْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَأَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ رُسُلًا ۖ كُلَّمَا جَاءَهُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُهُمْ فَرِيقًا كَذَّبُوا وَفَرِيقًا يَقْتُلُونَ
Биз Исрайил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Ар качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” дешип, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп жиберишти
وَحَسِبُوا أَلَّا تَكُونَ فِتْنَةٌ فَعَمُوا وَصَمُّوا ثُمَّ تَابَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ثُمَّ عَمُوا وَصَمُّوا كَثِيرٌ مِنْهُمْ ۚ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ
Жана “Бизге фитна (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллаһ алардын тообаларын кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур-дүлөй болуп алышты. Аллаһ алардын кылмыштарын көрүүчү
لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ ۖ وَقَالَ الْمَسِيحُ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اعْبُدُوا اللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمْ ۖ إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ
“Аллаһ — бул Марямдын уулу Ыйса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Ыйса-Масих аларга: “О, Исрайил урпактары! Менин жана силердин Раббиңер болгон Аллаһка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллаһка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллаһ ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы (аларды тозоктон куткаруучу) болбойт
لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ ثَالِثُ ثَلَاثَةٍ ۘ وَمَا مِنْ إِلَٰهٍ إِلَّا إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ وَإِنْ لَمْ يَنْتَهُوا عَمَّا يَقُولُونَ لَيَمَسَّنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
“Аллаһ — үчөөнүн үчүнчүсү”! дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллаһтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, алардын арасынан каапыр болгондорун жан ооруткан азап кармайт
أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى اللَّهِ وَيَسْتَغْفِرُونَهُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллаһка тооба кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

Choose other languages: