Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #112 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ أَدْنَىٰ أَنْ يَأْتُوا بِالشَّهَادَةِ عَلَىٰ وَجْهِهَا أَوْ يَخَافُوا أَنْ تُرَدَّ أَيْمَانٌ بَعْدَ أَيْمَانِهِمْ ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاسْمَعُوا ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, ичкен анттарынан кийин, ал антты (өлүктүн жакындары) кабыл албай коюусунан коркууларына жакыныраак өкүм. Аллаһтан корккула жана угуп алгыла: Аллаһ моюн сунбаган - фасык (бузук) адамдарды Туура Жолго баштабайт
يَوْمَ يَجْمَعُ اللَّهُ الرُّسُلَ فَيَقُولُ مَاذَا أُجِبْتُمْ ۖ قَالُوا لَا عِلْمَ لَنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ
(Кыямат) Күндө Аллаһ пайгамбарларды чогултуп: “(Даават кылган элиңер тарабынан) эмне жооп алдыңар?” - деп сурайт. Алар: “(О, Рабби!) Билбейбиз. Албетте, кайып нерселерди Өзүн гана Билүүчүсүң” - дешет
إِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ اذْكُرْ نِعْمَتِي عَلَيْكَ وَعَلَىٰ وَالِدَتِكَ إِذْ أَيَّدْتُكَ بِرُوحِ الْقُدُسِ تُكَلِّمُ النَّاسَ فِي الْمَهْدِ وَكَهْلًا ۖ وَإِذْ عَلَّمْتُكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَالتَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ ۖ وَإِذْ تَخْلُقُ مِنَ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ بِإِذْنِي فَتَنْفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِي ۖ وَتُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ بِإِذْنِي ۖ وَإِذْ تُخْرِجُ الْمَوْتَىٰ بِإِذْنِي ۖ وَإِذْ كَفَفْتُ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَنْكَ إِذْ جِئْتَهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ إِنْ هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ
(О, Мухаммад!) Эстегин, Аллаһ айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Менин сага жана апаңа берген нээматымды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллаһтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен, ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исрайил урпактары (яхудийлер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкырдан башка нерсе эмес” -дешкен
وَإِذْ أَوْحَيْتُ إِلَى الْحَوَارِيِّينَ أَنْ آمِنُوا بِي وَبِرَسُولِي قَالُوا آمَنَّا وَاشْهَدْ بِأَنَّنَا مُسْلِمُونَ
Биз (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө: “Мага ыйман келтиргиле, пайгамбарыма ишенгиле!” - деп илхам салганыбызда, алар: (О, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз!” -дешкен
إِذْ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ هَلْ يَسْتَطِيعُ رَبُّكَ أَنْ يُنَزِّلَ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ ۖ قَالَ اتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллаһтан корккула,!”

Choose other languages: