Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jinn Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

وَأَنَّا ظَنَنَّا أَنْ لَنْ تَقُولَ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз
وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِنَ الْإِنْسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا
Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат
وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا كَمَا ظَنَنْتُمْ أَنْ لَنْ يَبْعَثَ اللَّهُ أَحَدًا
Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллаһ эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот
وَأَنَّا لَمَسْنَا السَّمَاءَ فَوَجَدْنَاهَا مُلِئَتْ حَرَسًا شَدِيدًا وَشُهُبًا
Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк
وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَاعِدَ لِلسَّمْعِ ۖ فَمَنْ يَسْتَمِعِ الْآنَ يَجِدْ لَهُ شِهَابًا رَصَدًا
Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат

Choose other languages: