Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jinn Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

وَأَنَّا لَمَسْنَا السَّمَاءَ فَوَجَدْنَاهَا مُلِئَتْ حَرَسًا شَدِيدًا وَشُهُبًا
Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк
وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَاعِدَ لِلسَّمْعِ ۖ فَمَنْ يَسْتَمِعِ الْآنَ يَجِدْ لَهُ شِهَابًا رَصَدًا
Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат
وَأَنَّا لَا نَدْرِي أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَنْ فِي الْأَرْضِ أَمْ أَرَادَ بِهِمْ رَبُّهُمْ رَشَدًا
Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз
وَأَنَّا مِنَّا الصَّالِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَ ۖ كُنَّا طَرَائِقَ قِدَدًا
Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек
وَأَنَّا ظَنَنَّا أَنْ لَنْ نُعْجِزَ اللَّهَ فِي الْأَرْضِ وَلَنْ نُعْجِزَهُ هَرَبًا
Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллаһты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.”

Choose other languages: