Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #50 Translated in Kyrgyz

وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا ۚ وَإِذَا ذَكَرْتَ رَبَّكَ فِي الْقُرْآنِ وَحْدَهُ وَلَّوْا عَلَىٰ أَدْبَارِهِمْ نُفُورًا
Жана алардын жүрөктөрүнө Кураанды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Кураанда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет
نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَسْتَمِعُونَ بِهِ إِذْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ وَإِذْ هُمْ نَجْوَىٰ إِذْ يَقُولُ الظَّالِمُونَ إِنْ تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلًا مَسْحُورًا
Алар сени(н Кураан окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда заалымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет
انْظُرْ كَيْفَ ضَرَبُوا لَكَ الْأَمْثَالَ فَضَلُّوا فَلَا يَسْتَطِيعُونَ سَبِيلًا
Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат
وَقَالُوا أَإِذَا كُنَّا عِظَامًا وَرُفَاتًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ خَلْقًا جَدِيدًا
Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!””- дешет
قُلْ كُونُوا حِجَارَةً أَوْ حَدِيدًا
Айткын: «(Ооба! Шагыраган сөөк же чириген тарп гана эмес, эгерде) таш, темир болсоңор да

Choose other languages: