Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

وَقَالُوا يَا أَيُّهَا الَّذِي نُزِّلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ
(Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Кураан) түшүрүлгөн адам, сен — жиндисиң
لَوْ مَا تَأْتِينَا بِالْمَلَائِكَةِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти
مَا نُنَزِّلُ الْمَلَائِكَةَ إِلَّا بِالْحَقِّ وَمَا كَانُوا إِذًا مُنْظَرِينَ
Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ
Биз Зикирди (Кураанды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ فِي شِيَعِ الْأَوَّلِينَ
Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз

Choose other languages: