Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَالْجَانَّ خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ مِنْ نَارِ السَّمُومِ
Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي خَالِقٌ بَشَرًا مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын
فَإِذَا سَوَّيْتُهُ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِنْ رُوحِي فَقَعُوا لَهُ سَاجِدِينَ
Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла»- деди
فَسَجَدَ الْمَلَائِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ
Бардык периштелер сажда кылышты
إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ أَنْ يَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ
Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты

Choose other languages: