Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَنَحْنُ الْوَارِثُونَ
Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз
وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَقْدِمِينَ مِنْكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَأْخِرِينَ
Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.”
وَالْجَانَّ خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ مِنْ نَارِ السَّمُومِ
Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз

Choose other languages: