Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

وَإِنْ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا عِنْدَنَا خَزَائِنُهُ وَمَا نُنَزِّلُهُ إِلَّا بِقَدَرٍ مَعْلُومٍ
Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз
وَأَرْسَلْنَا الرِّيَاحَ لَوَاقِحَ فَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَسْقَيْنَاكُمُوهُ وَمَا أَنْتُمْ لَهُ بِخَازِنِينَ
Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды? жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О, инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер
وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَنَحْنُ الْوَارِثُونَ
Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз
وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَقْدِمِينَ مِنْكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَأْخِرِينَ
Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман

Choose other languages: