Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #57 Translated in Kyrgyz

لِيَجْعَلَ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ فِتْنَةً لِلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمْ ۗ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ لَفِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ
Шайтан кошкон нерселер(ди Аллаһ) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, заалым (каапыр) адамдар түгөнгүс талаш-тартышта калышат
وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَيُؤْمِنُوا بِهِ فَتُخْبِتَ لَهُ قُلُوبُهُمْ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَهَادِ الَّذِينَ آمَنُوا إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Илимдүү адамдар, анын (Кураандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллаһ ушул сыноону жасады) Аллаһ ыйман келтирген адамдарды Туура Жолго баштоочу
وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي مِرْيَةٍ مِنْهُ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ السَّاعَةُ بَغْتَةً أَوْ يَأْتِيَهُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَقِيمٍ
Каапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Кураандан шектене беришет
الْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ ۚ فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Ал Күнү (бардык) мүлк Аллаһтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, салих амал кылгандар Нээмат Бейиштеринде болушат
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар

Choose other languages: