Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا أَنَا لَكُمْ نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айткын: «О, адамдар! Мен чынында силерге анык эскертүүчүмүн
فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (Бейиш) бар!»
وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар.., дал ошолор Тозок ээлери
وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ وَلَا نَبِيٍّ إِلَّا إِذَا تَمَنَّىٰ أَلْقَى الشَّيْطَانُ فِي أُمْنِيَّتِهِ فَيَنْسَخُ اللَّهُ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ ثُمَّ يُحْكِمُ اللَّهُ آيَاتِهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкоң(го аракеттенген). Анан Аллаһ шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
لِيَجْعَلَ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ فِتْنَةً لِلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمْ ۗ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ لَفِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ
Шайтан кошкон нерселер(ди Аллаһ) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, заалым (каапыр) адамдар түгөнгүс талаш-тартышта калышат

Choose other languages: