Surah Al-Fath Ayahs #29 Translated in Kyrgyz
لَقَدْ صَدَقَ اللَّهُ رَسُولَهُ الرُّؤْيَا بِالْحَقِّ ۖ لَتَدْخُلُنَّ الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ إِنْ شَاءَ اللَّهُ آمِنِينَ مُحَلِّقِينَ رُءُوسَكُمْ وَمُقَصِّرِينَ لَا تَخَافُونَ ۖ فَعَلِمَ مَا لَمْ تَعْلَمُوا فَجَعَلَ مِنْ دُونِ ذَٰلِكَ فَتْحًا قَرِيبًا
Аллаһ Өз пайгамбарынын чын түшүн оңунан келтирди. (О, момундар!) Силер Аллаһ кааласа, албетте тынчтык-бейпилдик менен, чачыңарды кырдырткан жана кыскарттырган абалда, эч коркпой «Аль-Харам» мечитине киресиңер. (Аллаһ) силер билбеген нерсени билди жана (азырынча силерге) андан (Маккага кирүүдөн) башка жакын жеңишти (Хайбарды багынтууну) берди
هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا
Ал Өз пайгамбарын Хидаят жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллаһ жетиштүү Күбө
مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ ۚ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاءُ عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاءُ بَيْنَهُمْ ۖ تَرَاهُمْ رُكَّعًا سُجَّدًا يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانًا ۖ سِيمَاهُمْ فِي وُجُوهِهِمْ مِنْ أَثَرِ السُّجُودِ ۚ ذَٰلِكَ مَثَلُهُمْ فِي التَّوْرَاةِ ۚ وَمَثَلُهُمْ فِي الْإِنْجِيلِ كَزَرْعٍ أَخْرَجَ شَطْأَهُ فَآزَرَهُ فَاسْتَغْلَظَ فَاسْتَوَىٰ عَلَىٰ سُوقِهِ يُعْجِبُ الزُّرَّاعَ لِيَغِيظَ بِهِمُ الْكُفَّارَ ۗ وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنْهُمْ مَغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا
Мухаммад — Аллаһтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллаһтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллаһ алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
