Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

وَآمِنُوا بِمَا أَنْزَلْتُ مُصَدِّقًا لِمَا مَعَكُمْ وَلَا تَكُونُوا أَوَّلَ كَافِرٍ بِهِ ۖ وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلًا وَإِيَّايَ فَاتَّقُونِ
Жана Мен түшүргөн Кураанга ыйман келтиргиле. (Ал) силердеги нерсени (Тооратты) тастыктаган абалда (түшкөн). Силер ага эң алгачкы каапырлардан болбогула, Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула
وَلَا تَلْبِسُوا الْحَقَّ بِالْبَاطِلِ وَتَكْتُمُوا الْحَقَّ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Чындыкка жалганды аралаштырбагыла! Билип туруп чындыкты жашырбагыла
وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَارْكَعُوا مَعَ الرَّاكِعِينَ
Намазды (толук) аткаргыла, зекет бергиле жана руку кылуучулар менен бирге руку кылгыла
أَتَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبِرِّ وَتَنْسَوْنَ أَنْفُسَكُمْ وَأَنْتُمْ تَتْلُونَ الْكِتَابَ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Адамдарды жакшылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Силер китеп (Тоорат) окуп жүрөсүңөрго! Акылыңарды иштетпейсиңерби
وَاسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ وَالصَّلَاةِ ۚ وَإِنَّهَا لَكَبِيرَةٌ إِلَّا عَلَى الْخَاشِعِينَ
Сабырдан жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллаһка) кичипейил кишилерге оор эмес

Choose other languages: