Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

وَعَلَّمَ آدَمَ الْأَسْمَاءَ كُلَّهَا ثُمَّ عَرَضَهُمْ عَلَى الْمَلَائِكَةِ فَقَالَ أَنْبِئُونِي بِأَسْمَاءِ هَٰؤُلَاءِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана (Аллаһ) Адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү дагы, аларды периштелерге көргөзүп, «Эгер чынчыл болсоңор, ушул нерселердин ысымдарын Мага айтып бергиле»-деди
قَالُوا سُبْحَانَكَ لَا عِلْمَ لَنَا إِلَّا مَا عَلَّمْتَنَا ۖ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ
(Периштелер) Айтты: «(О, Рабби! Сен Бардык кемчилдиктен) Аруу-Тазасың! Бизде илим жок. Болгону, Өзүң үйрөткөн нерселерди гана билебиз. А, Сен болсо, Билүүчү, Даанышмансың
قَالَ يَا آدَمُ أَنْبِئْهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ ۖ فَلَمَّا أَنْبَأَهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَأَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا كُنْتُمْ تَكْتُمُونَ
Аллаһ: «О, Адам, аларга (Мен үйрөткөн) нерселердин ысымдарын айт» деди. (Адам) аларга нерселердин ысымдарын айтып берген соң, (Аллаһ) айтты: «Силерге «Мен жер жана асмандардагы (силер билбеген) кайыпты билемин жана силер ашкере кылган нерсени да, ичиңерге жашырган нерсени да билемин» деп айтпадым беле!»
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ
Эстегиле, Биз периштелерге «Адамга сажда кылгыла» дегенде, дароо сажда кылышты. Бир гана Иблис баш тартып, моюн толгоду жана каапырлардан болду
وَقُلْنَا يَا آدَمُ اسْكُنْ أَنْتَ وَزَوْجُكَ الْجَنَّةَ وَكُلَا مِنْهَا رَغَدًا حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَٰذِهِ الشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ الظَّالِمِينَ
Биз айттык: «О, Адам, сен жана жубайың (Хаваа экөөң) Бейиште жашагыла, андагы жаккан мөмөлөрдөн каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакын келе көрбөгүлө. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар

Choose other languages: