Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #29 Translated in Kyrgyz

وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا ۙ قَالُوا هَٰذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ ۖ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا ۖ وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ ۖ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Жүрөктөрү менен) ишенип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амалдарды жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан Бейишти сүйүнчүлө! Алар ар качан Бейиштен бир мөмө ооз тийчү болсо: «Биз муну(н окшошун) мурда жеген болчубуз»-дешет. Жана аларга (көрүнүшү жана даамы) бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн Бейиште таза-пакиза жубайлар бар. Алар Бейиште түбөлүк калышат
إِنَّ اللَّهَ لَا يَسْتَحْيِي أَنْ يَضْرِبَ مَثَلًا مَا بَعُوضَةً فَمَا فَوْقَهَا ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۖ وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا فَيَقُولُونَ مَاذَا أَرَادَ اللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلًا ۘ يُضِلُّ بِهِ كَثِيرًا وَيَهْدِي بِهِ كَثِيرًا ۚ وَمَا يُضِلُّ بِهِ إِلَّا الْفَاسِقِينَ
Аллаһ бир чиркейди же андан да майдараак (курт-кумурскаларды) мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ыймандуу адамдар ал мисалдын Раббиси тарабынан келген чындык экенин билишет. Каапырлар болсо, «Аллаһ муну мисал келтирүү менен эмнени каалаган?» дешет. (Аллаһ) бул мисал менен көп адамдарды адаштырат, көп адамдарды Туура Жолго баштайт. Аллаһ аны менен бузуку адамдарды гана адаштырат
الَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Алар Аллаһка берген убадаларын, бекемдегенден кийин деле буза беришет, Аллаһ улануусун буюрган нерселерди! үзүшөт жана жерде бузукулук кылышат. Мына ушул адамдар зыян тартуучулар
كَيْفَ تَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَكُنْتُمْ أَمْوَاتًا فَأَحْيَاكُمْ ۖ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Силер кантип Аллаһка каапыр болуудасыңар?! Ал өлүк денеңерге жан берип тирилткен. Кийин силерди өлтүрүп, андан соң (кайра) тирилтет. Кийин (эсеп берүү үчүн) Анын Өзүнө кайтарыласыңар
هُوَ الَّذِي خَلَقَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ اسْتَوَىٰ إِلَى السَّمَاءِ فَسَوَّاهُنَّ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ ۚ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Алсилер үчүн жердеги бардык нерселерди жаратып, андан соң асманды максат кылды жана аны жети асман кылып жаратты. Ал бардык нерсени Билүүчү

Choose other languages: