Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #5 Translated in Kyrgyz

2:1
الم
Алиф, Лам, Мим
2:2
ذَٰلِكَ الْكِتَابُ لَا رَيْبَ ۛ فِيهِ ۛ هُدًى لِلْمُتَّقِينَ
Бул китепте? эч күмөн жок. (Ал) такыба кишилер үчүн Туура Жол
2:3
الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден кайыр-садака кылышат
2:4
وَالَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ وَبِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ
Дагы алар, (о, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Кураан-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык ишенишет
2:5
أُولَٰئِكَ عَلَىٰ هُدًى مِنْ رَبِّهِمْ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) Туура Жол үстүндө жана ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр

Choose other languages: