Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #189 Translated in Kyrgyz

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)
وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ ۖ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ ۖ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ
(О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) Туура Жолго түшүп калышы ажеп эмес
أُحِلَّ لَكُمْ لَيْلَةَ الصِّيَامِ الرَّفَثُ إِلَىٰ نِسَائِكُمْ ۚ هُنَّ لِبَاسٌ لَكُمْ وَأَنْتُمْ لِبَاسٌ لَهُنَّ ۗ عَلِمَ اللَّهُ أَنَّكُمْ كُنْتُمْ تَخْتَانُونَ أَنْفُسَكُمْ فَتَابَ عَلَيْكُمْ وَعَفَا عَنْكُمْ ۖ فَالْآنَ بَاشِرُوهُنَّ وَابْتَغُوا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ ۚ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الْأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الْأَسْوَدِ مِنَ الْفَجْرِ ۖ ثُمَّ أَتِمُّوا الصِّيَامَ إِلَى اللَّيْلِ ۚ وَلَا تُبَاشِرُوهُنَّ وَأَنْتُمْ عَاكِفُونَ فِي الْمَسَاجِدِ ۗ تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ فَلَا تَقْرَبُوهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Силерге орозо түнүндө аялыңар менен кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн кийим, силер алар үчүн кийим (сыяктуусуңар). Аллаһ силердин (орозо түндөрү) өзүңөргө зулум кылып алганыңарды билди жана тообаңарды кабыл кылып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен (орозо түнүндө) кошула бергиле жана Аллаһ силерге жазган нерсени (адал кошулуу менен адал перзентти) ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгилинен ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин жей бергиле, иче бергиле. Андан (саарлыктан) кийин орозону кечке чейин толук уланткыла. Жана мечиттерде эьтикаф отурган мезгилиңерде аялыңарга жакында-багыла. Булар (тыюу салынган нерселер) — Аллаһтын чек аралары. Алар(ды бузуу)га жакындабагыла! Аллаһ адамдарга Өз аяттарын мына ушинтип баян кылып берет, такыба болууңар үчүн
وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ وَتُدْلُوا بِهَا إِلَى الْحُكَّامِ لِتَأْكُلُوا فَرِيقًا مِنْ أَمْوَالِ النَّاسِ بِالْإِثْمِ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Бири-бириңердин акча-мүлкүңөрдү кыянат жолдор менен жебегиле жана адамдардын мал-дүйнөсүнөн бир бөлүгүн күнөө менен жеп алуу үчүн акча-мүлктү өкүм чыгаруучуларга (арам экенин) билип туруп (пара катары) бер-бегиле
يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَهِلَّةِ ۖ قُلْ هِيَ مَوَاقِيتُ لِلنَّاسِ وَالْحَجِّ ۗ وَلَيْسَ الْبِرُّ بِأَنْ تَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ ظُهُورِهَا وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنِ اتَّقَىٰ ۗ وَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ أَبْوَابِهَا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
(О, Мухаммад) Сенден “хилалдар” (ичке орок сымал айлар) жөнүндө сурашат. Айт: “Алар адамдарга убакыттарды жана хаж (ажылык) убактысын белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр жакшылык эмес, бирок, жакшылык — бул Аллаһтан корккон киши(нин пейилдеринде жатат). Үйүңөргө эшиктеринен киргиле жана Аллаһтан корккула! (Ошондо гана) жеңишке (Бейишке) жетсеңер ажеп эмес

Choose other languages: