Surah Al-Baqara Ayahs #107 Translated in Kyrgyz
وَلَوْ أَنَّهُمْ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَمَثُوبَةٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ خَيْرٌ ۖ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Кана эми, алар ыйманга келип, такыба болушса! Аллаһ тарабынан болгон сооптор жакшы эле го! Кана эми, алар муну билишсе
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقُولُوا رَاعِنَا وَقُولُوا انْظُرْنَا وَاسْمَعُوا ۗ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! “Раинаа” дебегиле, “унзурнаа” дегиле. Жана (Аллаһтын аяттары менен пайгамбардын хадистерин) уккула. Каапырларга жан ооруткан азап бар
مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ ۗ وَاللَّهُ يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
Китеп берилгендер (яхудийлер менен христиандар) жана мушриктер (жүрөктөрүндө болгон көралбастык жана жек көрүү себептүү) силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык (вахий) түшүүсүн каалашпайт. (Бирок) Аллаһ Өз ырайымын Өзү каалаган адамдарга гана атайын тартуу кылат. Аллаһ улук пазилет Ээси
مَا نَنْسَخْ مِنْ آيَةٍ أَوْ نُنْسِهَا نَأْتِ بِخَيْرٍ مِنْهَا أَوْ مِثْلِهَا ۗ أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгер Биз (Кураандан) бир аятты “насх” кылсак (өкүмүн жойсок) же аны (пенделерге) унуттурсак (анын ордуна) андан да жакшыраагын же болбосо ошого окшогонун келтиребиз. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбедиңби
أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Асмандар жана жер өкүмдарлыгы (жалгыз) Аллаһка таандык экенин жана силерге Аллаһтан башка эч бир кожоюн, эч бир жардамчы жок экенин билбейсиңби
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
