Quran Apps in many lanuages:

Surah Ad-Dukhan Ayahs #58 Translated in Kyrgyz

كَذَٰلِكَ وَزَوَّجْنَاهُمْ بِحُورٍ عِينٍ
Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга үйлөнтүп койобуз
يَدْعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَاكِهَةٍ آمِنِينَ
Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا الْمَوْتَ إِلَّا الْمَوْتَةَ الْأُولَىٰ ۖ وَوَقَاهُمْ عَذَابَ الْجَحِيمِ
Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллаһ) аларды тозок азабынан сактаган
فَضْلًا مِنْ رَبِّكَ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
(Бул) — Раббиңден болгон пазилет! Бул — чоң жеңиш
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَاهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
(О, Мухаммад!) Биз аны (Кураанды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук

Choose other languages: