Quran Apps in many lanuages:

Surah Ad-Dukhan Ayahs #40 Translated in Kyrgyz

فَأْتُوا بِآبَائِنَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Эгер силер (о, момундар) чынчыл болсоңор,? биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»
أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ أَهْلَكْنَاهُمْ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ
Ушулар (Макка мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба* коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле
وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَاعِبِينَ
Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок
مَا خَلَقْنَاهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт
إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ مِيقَاتُهُمْ أَجْمَعِينَ
Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы

Choose other languages: