Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #65 Translated in Kyrgyz

قَالَ لَهُمْ مُوسَىٰ وَيْلَكُمْ لَا تَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ كَذِبًا فَيُسْحِتَكُمْ بِعَذَابٍ ۖ وَقَدْ خَابَ مَنِ افْتَرَىٰ
Муса аларга (сыйкырчыларга насаат) айтты: «Оңбой каласыңар! («Аллаһтын шериги бар» деп) Аллаһка жалаа жаппагыла! Азап жиберип кыйратып салат! (Аллаһка) жалаа жапкандар оңбой калат!!!»
فَتَنَازَعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ وَأَسَرُّوا النَّجْوَىٰ
Алар иштеринде талашып калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө баштады
قَالُوا إِنْ هَٰذَانِ لَسَاحِرَانِ يُرِيدَانِ أَنْ يُخْرِجَاكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ بِسِحْرِهِمَا وَيَذْهَبَا بِطَرِيقَتِكُمُ الْمُثْلَىٰ
(Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фираун сыйкырчыларга айтты)
فَأَجْمِعُوا كَيْدَكُمْ ثُمَّ ائْتُوا صَفًّا ۚ وَقَدْ أَفْلَحَ الْيَوْمَ مَنِ اسْتَعْلَىٰ
«Бардык амалкерлигиңерди жыйнап, сапка тизилип келгиле. Бүгүн ким үстөмдүк кылса, ошол жеңишке жетет!»
قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِمَّا أَنْ تُلْقِيَ وَإِمَّا أَنْ نَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَلْقَىٰ
«О, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы»

Choose other languages: