Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #54 Translated in Kyrgyz

قَالَ رَبُّنَا الَّذِي أَعْطَىٰ كُلَّ شَيْءٍ خَلْقَهُ ثُمَّ هَدَىٰ
(Муса) айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет-шекилин берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллаһ»
قَالَ فَمَا بَالُ الْقُرُونِ الْأُولَىٰ
(Фираун) айтты: «Өткөн кылымдын элдерине эмне болгонун билесиңби?»
قَالَ عِلْمُهَا عِنْدَ رَبِّي فِي كِتَابٍ ۖ لَا يَضِلُّ رَبِّي وَلَا يَنْسَى
Алар жөнүндөгү илим Раббимдин алдындагы Китепте. Раббим (ал Китепте) адашкан эмес, эч нерсени унуткан да эмес»
الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ مَهْدًا وَسَلَكَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًا وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِنْ نَبَاتٍ شَتَّىٰ
(Аллаһ) силерге жерди бешик (сыяктуу мекен) кылып, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык
كُلُوا وَارْعَوْا أَنْعَامَكُمْ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِأُولِي النُّهَىٰ
(Алардан) жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар

Choose other languages: