Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #124 Translated in Kyrgyz

فَوَسْوَسَ إِلَيْهِ الشَّيْطَانُ قَالَ يَا آدَمُ هَلْ أَدُلُّكَ عَلَىٰ شَجَرَةِ الْخُلْدِ وَمُلْكٍ لَا يَبْلَىٰ
Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «О, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»
فَأَكَلَا مِنْهَا فَبَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ ۚ وَعَصَىٰ آدَمُ رَبَّهُ فَغَوَىٰ
Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллаһтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, Бейиш жалбырактары менен өздөрүн (авреттерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббисине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тооба кыла баштады)
ثُمَّ اجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَتَابَ عَلَيْهِ وَهَدَىٰ
Кийин Раббиси аны тандап, тообасын кабыл алып, Өз жолуна баштады
قَالَ اهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًا ۖ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ ۖ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَىٰ
(Аллаһ) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда Бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден Туура Жол (Дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт
وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَىٰ
Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны Кыямат Күнү сокур абалда тирилтебиз

Choose other languages: