Quran Apps in many lanuages:

Surah Nooh Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

وَقَالُوا لَا تَذَرُنَّ آلِهَتَكُمْ وَلَا تَذَرُنَّ وَدًّا وَلَا سُوَاعًا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسْرًا
Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Сувааны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти
وَقَدْ أَضَلُّوا كَثِيرًا ۖ وَلَا تَزِدِ الظَّالِمِينَ إِلَّا ضَلَالًا
Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (о, Аллаһым!) заалымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө
مِمَّا خَطِيئَاتِهِمْ أُغْرِقُوا فَأُدْخِلُوا نَارًا فَلَمْ يَجِدُوا لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَنْصَارًا
Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллаһтан башка жардамчы таппай калышты
وَقَالَ نُوحٌ رَبِّ لَا تَذَرْ عَلَى الْأَرْضِ مِنَ الْكَافِرِينَ دَيَّارًا
Нух айтты: “О, Раббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын
إِنَّكَ إِنْ تَذَرْهُمْ يُضِلُّوا عِبَادَكَ وَلَا يَلِدُوا إِلَّا فَاجِرًا كَفَّارًا
Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат

Choose other languages: