Quran Apps in many lanuages:

Surah Nooh Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَوْا كَيْفَ خَلَقَ اللَّهُ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ طِبَاقًا
Аллаһ (Таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы
وَجَعَلَ الْقَمَرَ فِيهِنَّ نُورًا وَجَعَلَ الشَّمْسَ سِرَاجًا
Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон
وَاللَّهُ أَنْبَتَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ نَبَاتًا
Жана Аллаһ силерди жерден гана өстүрүп чыгарган
ثُمَّ يُعِيدُكُمْ فِيهَا وَيُخْرِجُكُمْ إِخْرَاجًا
Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат
وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ بِسَاطًا
Аллаһ силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды

Choose other languages: