Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

فَكَيْفَ إِذَا تَوَفَّتْهُمُ الْمَلَائِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَارَهُمْ
(Өлүм) периштелер(и) алардын беттерине, аркаларына чапкылап (кыйнап) жандарын (сууруп) алып жаткан (азаптуу) мезгилде (алардын абалы) кантээр экен
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ اتَّبَعُوا مَا أَسْخَطَ اللَّهَ وَكَرِهُوا رِضْوَانَهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ
Мунун себеби, алар Аллаһтын ачуусун келтирчү иштерди ээрчип, Анын ыраазычылыгын жаман көрүштү. Анан Аллаһ алардын амалдарын «хабата»! кылып койду
أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ أَنْ لَنْ يُخْرِجَ اللَّهُ أَضْغَانَهُمْ
Же болбосо, жүрөгү соо эмес адамдар, Аллаһ алардын ичине каткан душманчылыктарын (ачыкка) чыгара албайт деп ойлоштубу
وَلَوْ نَشَاءُ لَأَرَيْنَاكَهُمْ فَلَعَرَفْتَهُمْ بِسِيمَاهُمْ ۚ وَلَتَعْرِفَنَّهُمْ فِي لَحْنِ الْقَوْلِ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ أَعْمَالَكُمْ
Эгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды көрүнүшүнөн эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллаһ силердин амал-ишиңерди билет
وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ حَتَّىٰ نَعْلَمَ الْمُجَاهِدِينَ مِنْكُمْ وَالصَّابِرِينَ وَنَبْلُوَ أَخْبَارَكُمْ
Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз

Choose other languages: