Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَاثًا وَرِئْيًا
Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз
قُلْ مَنْ كَانَ فِي الضَّلَالَةِ فَلْيَمْدُدْ لَهُ الرَّحْمَٰنُ مَدًّا ۚ حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ إِمَّا الْعَذَابَ وَإِمَّا السَّاعَةَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضْعَفُ جُنْدًا
Айт (о, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Рахман аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!!» Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же Кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражасы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат
وَيَزِيدُ اللَّهُ الَّذِينَ اهْتَدَوْا هُدًى ۗ وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ مَرَدًّا
Аллаһ Хидаят (Туура Жол) тапкан адамдарды көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак
أَفَرَأَيْتَ الَّذِي كَفَرَ بِآيَاتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالًا وَوَلَدًا
(О, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү
أَطَّلَعَ الْغَيْبَ أَمِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا
Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Рахман менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен

Choose other languages: