Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #64 Translated in Kyrgyz

إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْئًا
Ал эми, тооба кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар Бейишке киришет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт
جَنَّاتِ عَدْنٍ الَّتِي وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ عِبَادَهُ بِالْغَيْبِ ۚ إِنَّهُ كَانَ وَعْدُهُ مَأْتِيًّا
Адн" бейиштерди пенделерине Рахман (Аллаһ) кайыптан убада берген. Чынында, Анын убадасы сөзсүз болуучу
لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا إِلَّا سَلَامًا ۖ وَلَهُمْ رِزْقُهُمْ فِيهَا بُكْرَةً وَعَشِيًّا
Анда (Бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат
تِلْكَ الْجَنَّةُ الَّتِي نُورِثُ مِنْ عِبَادِنَا مَنْ كَانَ تَقِيًّا
Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү Бейиш(тин баяны) ушул
وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمْرِ رَبِّكَ ۖ لَهُ مَا بَيْنَ أَيْدِينَا وَمَا خَلْفَنَا وَمَا بَيْنَ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيًّا
«Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.! Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллаһтын колунда. Раббиң унутчаак эмес

Choose other languages: