Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

وَاسْتَفْتَحُوا وَخَابَ كُلُّ جَبَّارٍ عَنِيدٍ
(Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту
مِنْ وَرَائِهِ جَهَنَّمُ وَيُسْقَىٰ مِنْ مَاءٍ صَدِيدٍ
(Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде
يَتَجَرَّعُهُ وَلَا يَكَادُ يُسِيغُهُ وَيَأْتِيهِ الْمَوْتُ مِنْ كُلِّ مَكَانٍ وَمَا هُوَ بِمَيِّتٍ ۖ وَمِنْ وَرَائِهِ عَذَابٌ غَلِيظٌ
(суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар
مَثَلُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ ۖ أَعْمَالُهُمْ كَرَمَادٍ اشْتَدَّتْ بِهِ الرِّيحُ فِي يَوْمٍ عَاصِفٍ ۖ لَا يَقْدِرُونَ مِمَّا كَسَبُوا عَلَىٰ شَيْءٍ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ
Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин! мисалы -бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул — абдан алыс адашуу
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۚ إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍ جَدِيدٍ
(О, инсан!) Сен, чынында Аллаһ асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет

Choose other languages: