Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

وَيَا قَوْمِ مَا لِي أَدْعُوكُمْ إِلَى النَّجَاةِ وَتَدْعُونَنِي إِلَى النَّارِ
О, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»
تَدْعُونَنِي لِأَكْفُرَ بِاللَّهِ وَأُشْرِكَ بِهِ مَا لَيْسَ لِي بِهِ عِلْمٌ وَأَنَا أَدْعُوكُمْ إِلَى الْعَزِيزِ الْغَفَّارِ
Силер мени Аллаһка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллаһка) чакырып жатамын
لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدْعُونَنِي إِلَيْهِ لَيْسَ لَهُ دَعْوَةٌ فِي الدُّنْيَا وَلَا فِي الْآخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَا إِلَى اللَّهِ وَأَنَّ الْمُسْرِفِينَ هُمْ أَصْحَابُ النَّارِ
Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллаһка гана кайтабыз. Жана (Аллаһка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери
فَسَتَذْكُرُونَ مَا أَقُولُ لَكُمْ ۚ وَأُفَوِّضُ أَمْرِي إِلَى اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ
Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллаһка тапшырамын. Чынында Аллаһ пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фираун аны өлтүртмөк болду)
فَوَقَاهُ اللَّهُ سَيِّئَاتِ مَا مَكَرُوا ۖ وَحَاقَ بِآلِ فِرْعَوْنَ سُوءُ الْعَذَابِ
(Бирок), Аллаһ алардын айла — амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фираун менен анын элин коркунучтуу азап ороду

Choose other languages: