Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #36 Translated in Kyrgyz

وَيَا قَوْمِ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ يَوْمَ التَّنَادِ
О,коомум! Мен кыйкырышуу Күнүндө! силерге (азап болушунан) коркомун
يَوْمَ تُوَلُّونَ مُدْبِرِينَ مَا لَكُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ عَاصِمٍ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Ошол күнү (азаптан) кетенчиктеп качасыңар. (Бирок) силерге Аллаһ тарабынан эч бир жардамчы болбойт. Аллаһ кимди адаштырып койсо, аны Туура Жолго баштоочу жок
وَلَقَدْ جَاءَكُمْ يُوسُفُ مِنْ قَبْلُ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا زِلْتُمْ فِي شَكٍّ مِمَّا جَاءَكُمْ بِهِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا هَلَكَ قُلْتُمْ لَنْ يَبْعَثَ اللَّهُ مِنْ بَعْدِهِ رَسُولًا ۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ اللَّهُ مَنْ هُوَ مُسْرِفٌ مُرْتَابٌ
Силерге мындан мурун Юсуф (пайгамбар) далил-баяндар алып келгенде да, ал алып келген динден такай шектенүүдө болгонсуңар. (Ал эми) качан ал өлгөндө «Аллаһ андан кийин эч качан пайгамбар жибербейт»-дедиңер. Аллаһ чектен чыккан, шекчил адамдарды ушинтип адаштырат
الَّذِينَ يُجَادِلُونَ فِي آيَاتِ اللَّهِ بِغَيْرِ سُلْطَانٍ أَتَاهُمْ ۖ كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ وَعِنْدَ الَّذِينَ آمَنُوا ۚ كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ قَلْبِ مُتَكَبِّرٍ جَبَّارٍ
Өздөрүнө (Аллаһ тарабынан эч кандай) далил келбесе деле, Аллаһтын аяттары жөнүндө талашып-тартышкандар, Аллаһтын алдында жана ыймандуу кишилердин алдында эң жек көрүндү болгон адамдар! Аллаһ ар бир текебер, зордукчул адамдын жүрөгүнө ушинтип мөөр басат!»
وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا هَامَانُ ابْنِ لِي صَرْحًا لَعَلِّي أَبْلُغُ الْأَسْبَابَ
Анда Фираун айтты: «О, Хааман! Мага (бийик) мунара кургунуң! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам

Choose other languages: