Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

لَوْ أَرَادَ اللَّهُ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا لَاصْطَفَىٰ مِمَّا يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ سُبْحَانَهُ ۖ هُوَ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ
Эгер Аллаһ баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллаһ (мындан) Аруу-Таза! Ал-Жалгыз, Жеңүүчү Аллаһ
خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۖ يُكَوِّرُ اللَّيْلَ عَلَى النَّهَارِ وَيُكَوِّرُ النَّهَارَ عَلَى اللَّيْلِ ۖ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ ۖ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۗ أَلَا هُوَ الْعَزِيزُ الْغَفَّارُ
Аласмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал- Кудуреттүү, Кечиримдүү
خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنْزَلَ لَكُمْ مِنَ الْأَنْعَامِ ثَمَانِيَةَ أَزْوَاجٍ ۚ يَخْلُقُكُمْ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ خَلْقًا مِنْ بَعْدِ خَلْقٍ فِي ظُلُمَاتٍ ثَلَاثٍ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ
Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратты. Кийин андан жуп-түгөйүн жасады. Жана (Аллаһ) силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жупту түшүрдү.! Ал силерди энеңердин ичиндеги үч караңгылыктын ичинде, акырындык менен, баскычтар түрүндө жаратат. Ушул Аллаһ — силердин Раббиңер (Бардык) мүлк Анын колунда. Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бурулуп кетип жатасыңар
إِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنْكُمْ ۖ وَلَا يَرْضَىٰ لِعِبَادِهِ الْكُفْرَ ۖ وَإِنْ تَشْكُرُوا يَرْضَهُ لَكُمْ ۗ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ مَرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Эгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллаһ силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот. Эч бир көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Кийин силердин кайтууңар-Раббиңерге! Анан Ал силерге (бул дүйнөдө) жасаган ишиңердин кабарын билдирет. Чынында Ал—көкүрөктөгү сырларды Билүүчү
وَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّهُ مُنِيبًا إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُ نِعْمَةً مِنْهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدْعُو إِلَيْهِ مِنْ قَبْلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِهِ ۚ قُلْ تَمَتَّعْ بِكُفْرِكَ قَلِيلًا ۖ إِنَّكَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ
Эгер инсанды бир зыян кармаса, Раббисине гана кайткан абалда дуба кылат. Кийин (Аллаһ) Өзү тарабынан ага нээмат (зыяндан арылуу) берсе, жаңы эле Ага дуба кылган нерсени унутуп, (өзүн жана башкаларды) азгыруу үчүн Аллаһка теңдеш-шерик келтире баштайт. (Аларга) айткын: «Каапырчылыгың менен бир аз пайдаланып тур. (Бир аздан кийин Кыямат келгенде) сен тозок элдеринен болосуң

Choose other languages: