Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

مَنْ يَأْتِيهِ عَذَابٌ يُخْزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيْهِ عَذَابٌ مُقِيمٌ
кимге кор кылуучу азап (ушул дүйнөдө) келишин жана кимге (Кыяматта) үзгүлтүксүз азап болушун
إِنَّا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ لِلنَّاسِ بِالْحَقِّ ۖ فَمَنِ اهْتَدَىٰ فَلِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا ۖ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ
Биз адамдар үчүн арналган китепти, Акыйкат менен сага түшүрдүк. Ким аны ээрчисе-өзүнө пайда. Ал эми ким адашса- ал өзүнүн зыянына. Сен аларга кароолчу эмессиң
اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَالَّتِي لَمْ تَمُتْ فِي مَنَامِهَا ۖ فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَىٰ عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَىٰ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Аллаһ жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллаһтын кудуретине) анык белгилер бар
أَمِ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ شُفَعَاءَ ۚ قُلْ أَوَلَوْ كَانُوا لَا يَمْلِكُونَ شَيْئًا وَلَا يَعْقِلُونَ
Же болбосо, (мушриктер) Аллаһтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?»
قُلْ لِلَّهِ الشَّفَاعَةُ جَمِيعًا ۖ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Айткын: «Бардык шапаат Аллаһка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар

Choose other languages: