Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #32 Translated in Kyrgyz

قُرْآنًا عَرَبِيًّا غَيْرَ ذِي عِوَجٍ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Араб тилиндеги Кураан шекилинде, эч бир катасы жок абалда (түшүрдүк) Кана эми, такыба кылышса
ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا رَجُلًا فِيهِ شُرَكَاءُ مُتَشَاكِسُونَ وَرَجُلًا سَلَمًا لِرَجُلٍ هَلْ يَسْتَوِيَانِ مَثَلًا ۚ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Аллаһ бир (кул) кишини мисал келтирет: Аны талашкан көп кожоюндары бар. Дагы бир (кул) киши бир гана кожоюнга моюн сунат. Экөөсүнүн мисалы окшошпу?! Аллаһка мактоолор болсун! Жок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт
إِنَّكَ مَيِّتٌ وَإِنَّهُمْ مَيِّتُونَ
(О, Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт
ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عِنْدَ رَبِّكُمْ تَخْتَصِمُونَ
Кийин силер Кыямат Күндө Раббиңердин алдында талашасыңар
فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَذَبَ عَلَى اللَّهِ وَكَذَّبَ بِالصِّدْقِ إِذْ جَاءَهُ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْكَافِرِينَ
Аллаһ жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Кураанды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк заалым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен

Choose other languages: