Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tur Ayahs #46 Translated in Kyrgyz

أَمْ يُرِيدُونَ كَيْدًا ۖ فَالَّذِينَ كَفَرُوا هُمُ الْمَكِيدُونَ
Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат
أَمْ لَهُمْ إِلَٰهٌ غَيْرُ اللَّهِ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Же болбосо, алардын Аллаһтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллаһ алар кошкон ширктен Таза
وَإِنْ يَرَوْا كِسْفًا مِنَ السَّمَاءِ سَاقِطًا يَقُولُوا سَحَابٌ مَرْكُومٌ
Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет
فَذَرْهُمْ حَتَّىٰ يُلَاقُوا يَوْمَهُمُ الَّذِي فِيهِ يُصْعَقُونَ
(О, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой
يَوْمَ لَا يُغْنِي عَنْهُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт

Choose other languages: