Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tur Ayahs #38 Translated in Kyrgyz

فَلْيَأْتُوا بِحَدِيثٍ مِثْلِهِ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ
Эгер («Кураанды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин
أَمْ خُلِقُوا مِنْ غَيْرِ شَيْءٍ أَمْ هُمُ الْخَالِقُونَ
Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу
أَمْ خَلَقُوا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ ۚ بَلْ لَا يُوقِنُونَ
Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт
أَمْ عِنْدَهُمْ خَزَائِنُ رَبِّكَ أَمْ هُمُ الْمُصَيْطِرُونَ
Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу
أَمْ لَهُمْ سُلَّمٌ يَسْتَمِعُونَ فِيهِ ۖ فَلْيَأْتِ مُسْتَمِعُهُمْ بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин

Choose other languages: